окшу

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Кусуп жибере турган болуп жүрөгү айлануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Эпсиз жаман чабышып, / Аманат жандан кечишип, / Эрдин кесе тиштешип, / Кармаштан тердеп камыгып, / Кара бойдон тер кетип, / Карсылдашып күч кетип, / Ок деп окшуп жөтөлсө, / Ооздон мүжүк кан кетип, / Кара тер басып шай кетип, / Акакташып солушуп, / Абыдан чындап койушуп, / Куйкалары курушуп, / Андан айла таба албай, / Ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айтып болуп Чыйырды, / Окшуганы күчөдү, / Оозунан суусу куйулду, / “Табаармын муну кайдан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Минген аттын барысын, / Куйругун ача түйүшүп, / Көкүлдөрүн шүйүшүп, / Ашты карай жол алып, / Жоо жарагын мол алып, / Күпсөргө салып дары алып, / Окшуурга салып ок алып, / Он эки кырдуу милте алып, / Уу жалаткан найза алып, / Каражаак балта алып, / Албарс кылыч курч алып, / Булдурсун камчы кошо алып, / Асабаны ко… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…аласың, / Айтканды кабыл албасаң, / Айтылуу жер Таласка, / Бирөө барбайт алашың, / Алдыңда алаш эл тургай, / Тайынсыз өзүң каласың, / Тилимди алсаң арстаным, / Окшуруңду карагын, / Атканыңа жараган, / Аккелте турат жарагың, / Аккелтеңди колго алгын, / Антташып туруп ок салгын, / Күндүн мурду чачырай, / Дүрбү салып карагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Арстан Манас кайран эр, / Аккелте мылтык колго алды, / Окшурунан ок алды, / Күпсөрдө какса баатырың, / Араңдан зорго бир атым, / Дары чыкты карагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →