окшош1
- Турпатташ, түспөлдөш, кебетелеш, бирдей.
- Баары бир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Окшош эки карынын, / Канын жайды кара нээт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баатырдын жолун жолдойлу, / Ыйык Ата Мекенди, / Манаска окшош коргойлу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Карапайым кырк миң кол, / Короодоку койго окшош, / Кесилет менен Дабытай, / Качып келдиң Таластан, / Бөрүдөн качкан тайга окшоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Алакен, Төлөк деп айтып, / Окшош экөө бирди айтып, / Аттанып алып жөнөдү, / Бетегелүү Койташка, / Белдүү баатыр Көйкашка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Канчоро менен Гүлчоро, / Көтөрүп жүрүп чоңойтуп, / Өзүнө окшош эр кылды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →