окчо

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. Туура эби менен кармалган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Уланта куйуп дарыны, / Чачыратма ок салды, / Койчагырды Бактыбай, / Окчо кармап бетке алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көзүр Чубак көк жалдын, / Таш келтесин колго алып, / Окчо кармап мелтиреп, / Күүсү менен Тору аттын, / Этектери делпилдеп, / Тартып ийди машаны, / Бири калбай кыркылды, / Жамбыны тарткан Танабы, / Жамбыны жерге түшүрбөй, / Бекбача кармап алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арасын ача бергени, / Аталабы, жокпу, деп, / Адамдын бары тиктеди, / Алчаңдата бастырып, / Арстан жөнөп баратып, / Айманбоз оозун бош койуп, / Кыйшайа түшүп оңдонуп, / Карап калды эр Манас, / Окчо кармап бир койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кай бирөөнү карасаң, / Мылтыгын окчо кармаган, / Милтенин учу кызыл чок, / Кылымда мындай болгон жок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмамбет айткан байагы, / Жыйган жүктөй кара таш, / Көчүгүн койуп эр Манас, / Окчо кармап келтесин, / Олтурат эле жол карап, / Каптаган селдей көп черүү, / Жеткенде алат кечүүгө, / Карап турган арстаның, / Аккелте менен бир койду, / Аламан ке… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →