окуя
- Болуп өткөн кандайдыр бир учур, факт, кубулуш. [Ал] жүрөгүн толкуткан окуяларды жомоктотуп айткысы келди (Сасыкбаев).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бул окуянын түбү мындай экен: Байболоттун эрден чыгып келген бир кызы бар болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Балдар кыздардын койнундагы бугунун терисин көрүшүп, "апам бул кыздарды бизге жиберсе керек" деп кыздарга жакындашса, алар болгон окуяны толугу менен айтып беришет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Жоомарт Адил ханга болгон окуяларды айтып берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →