окуучу
- Мектепте окуган бала.
- Китеп, газеталарды окуй турган адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катты окуучу молдосун, / Жанындагы жолдошун, / Ээрчитип чыгып ээнге, / Бекинип барып олтуруп, / Улам-улам окутуп, / Абдан катка канганда, / Канчоро кебин укканда, / Кат жаздырып молдого, / Кат алпарган жансызды, / Кайта салды тез жолго.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →