окуу1
- Билим алуу, билимге ээ болуу процессинин жана билим берүүгө байланыштуу иштердин жалпы аталышы.
- Теориялык жоболордун жыйындысы; кандайдыр бир окумуштуунун, ойчулдун ж. б. негизги жоболорунун, көз караштарынын ж. б. жыйындысы, системасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ен, / Аркы бети коруйа, - / Жүйрүн дөөнүн эли экен, / Жүйрүн турган эл экен, / Төрө Алмаң баатырдын, / Окуган дөөсү ал экен, / Ар жылы кытай балдары, / Үзүлбөй окуур кеп экен / Ошол кезде кырк жаңжүн, / Кырк баласы жүйрүнгү, / Окуп жаткан кез экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаадыкөйдүн ал чакта, / Дуба окуур шайы калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Атайын бата окууга, / Арстаным жоктоп Манасты, / Агып жашым мен келдим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кең Сайрамдын сайында, / Мен окууда жүргөн чагымда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү бала окууга кеткенден кийин, бай акырын басып барып, көлчүктө эмне бар экенин караса, бака аркы-терки сүзүп жүргөн экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →