окус
- Күтүлбөгөн жерден же этибарсыздыктан болгон иш, окуя, кокустук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п элге жазыкты, / Каңкайдан алып аскерди, / Сайышты чындап салгалы: / «Өз акылым акыл, — деп, / Эптеп-септеп кыргызды, / Четтетейин карактан, / Сайдырып салсам окустан, / Саат чырмап кокустан, / Салбарды ашып калмактар, / Коктукат кетсе жол жакын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Таноосунан буу чыгып, / Терекбайды көргөндө, / Чойтолоң менен Тазкара, / Аскеринен чуу чыгып, / Тоодой болуп Терекбай, / Сейитимге жетти, деп, / Айрылып калсак окустан, / Амалыбыз кетти, деп, / Ажалыбыз жетти, деп, / Колундагы чокморун, / Кош колдоп кармап Терекбай: / — Коркпосоң кел, Сейити, / Жаның сага керекпи ай?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Коросон барып кокустан, / Өлүп калса окустан, / Таарынып Чүрөк койорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кестирип кечир кокустан, / Майып болгон окустан, / Арманда калган Гүлчоро, / Далыдан ысык каны акты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…ге чыгып сайышар, / Жөө күрөштү канчасы, / Көөдөндөшүп майышаар, / Турбагының кам кыл, деп, / Алдын ала камынып, / Кем-керчи жок жай кыл, деп, / Алдырып салсак окустан, / Арман кылбай калгын, деп, / Чогууга келген бул журтту, / Токсон алты улукту, / Кыйыгы чыккан немесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →