окторул
- Атырылып бууракандоо, атырылуу.
- Алдыга катуу жүткүнүү; атырыла алга катуу умтулуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ата мурас иши экен, / Санды көрсө качпаган, / Санаада ишин баштаган, / Сапырып кырып таштаган, / Салты Манас калган нарк, / Окторулуп эр Асыл, / Майторуну ойнотуп, / Бири кетсе, бири бар, / Кетейин деп сойлотуп, / Айкөл Манас баатырды, / Атына айтып чакырып, / Каптап келген душманга, / Башын …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Оңой эмес, бул түш, деп, / Ойунда Манас ойлонду, / Эртең менен болгондо, / Окторулуп эр Манас, / Кабар салды ой-тоого, / Анжийан менен Кашкардын, / Самаркан менен Ташкендин, / Эсепке байын алыптыр, / Элүү миң болуп калыптыр, / Эң алдыңкы байлар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Окторулуп ойноктоп, / Мингизбей турат сойлоктоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп сүйлөнүп куу мастан, / Ор ийрегин ойнотуп, / Сокусун минип ат кылып, / Сок билегин камчылап, / Өгөөсүн алып колуна, / Жутуп ийчү немедей, / Окторулуп бул турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →