ок-дары
- Атууга керектелүүчү нерселердин (патрон, дары, ок ж. б.) жалпы аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жер чаңдатып жол тартып, / Алтымыш миң кол тартып, / Чолк куйрук нарларга, / Ок-дарысын мол артып, / Келет булар чубашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…бу болду айтканы: / — Кыргыл баштап онуң кал, / Абакемди сактап ал, / Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Адамдын каны төгүлүп, / Чыйпы, Мыйтык, Чөндөкө, / Кылжыр менен Күрөөкө, / Кыйын жумуш аткарып, / Турган экен бул төртөө, / Оогандыктан отуз миң, / Азык-түлүк, ок-дары, / Талаганы төөлөрүн, / Барган эле көз көрүнөө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чарайнасын тартынган, / Ок-дарысын артынган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сегиз жүз төөнү каркайып, / Азык түлүк мол артып, / Ок-дарысын тон артып, / Катар-катар чубатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →