ок1
- Мылтык сыяктуу атылуучу куралдардын патронунун ооз жагына кептелген сүйрү же тоголок коргошун.
- Замбиректин огу.
- Жаанын жебеси.
- Снаряд.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куран окуп күмбөзгө, / Бараар күнү түшүмдө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Он беши жатты торойуп, / Он беши өлүп кеткенде, / Коросондон оолугуп, / Он беши чыкты жаа тартып, / Жебенин огу зыркырап, / Он беш ок тийди шака-шак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчал кызы Көкмончок, / Көк көгүчкөн кеп кийип, / Көп окуп сыйкыр жат билип, / Кырк кыз алып жанына, / Тамаша кылып жүрүүчү, / Пенде менен перинин, / Аралашып баарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жаткандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →