ойрот

китептерде 196 жолу, 8 китепте
  1. Азыркы калмак аталган элдин эски өз аты.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н колдон кетирип, / Кызы менен келинин, / Айак асты кылбасам, / Селпектетип буттарын, / Акактатып кемпирин, / Далысын жерге сүрбөсөм, / Оорактанган коргонун, / Ойротто жок күмбөзүн / Өрттөп ийип тынбасам, / Көкбөрү атым бекер! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бетине актан бастырып, / Желегин кызыл көтөртүп, / Шооруктун кылган иши экен, / Ойротто жок ушул эл, / Он эки түмөн киши экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ойротто жок Кененим, / Оң айланып имерди, / Сап боло түшкөн кезинде, / Жебени тартып жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ойротто жок эр Чубак, / Опол тоодой кайкалап, / Жой болот кылыч-зулпукар, / Сууруп кындан алыптыр, / Суудай канын агызып, / Шумдуктуу уруш салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында минген тосур ат, / Октос берип октолду, / Ойротто мындай жок болду, / Чокмор менен абаңды, / Чокудан нары салганда, / Майдандын ичи чок болду, / Жалынсыз күйгөн от болду, / Күндүн көзүн чаң алды, / Күн көрүнбө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →