ойрон2
- Кыйранды, таш-талкан, бырынчырын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ролуптур бойуна, / Эрдик менен Турумбек, / Албарсты алып колуна, / Тор кармаган он бешти, / Тобу менен кулатып, / Томурайтып сулатып, / Оң-тескери тоңкойтуп, / Ойронун элдин чыгарып, / Каны качып ачуудан, / Керсары тартып кубарып, / Кездеп кирди эрлерди, / Башын тартып калбастан, / Дегдеп кирди өлүмдү: / “Алп Жамгырчы түп ата…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жебенин огу жетиптир, / Жер тайанып он беши, / Жалпы баары шылк этип, / Алтымыштын отузу, / Ойрону чыгып кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ойлонду Сыргак жана да, / Жан айабай баратып, / Акылында муну айтып: / “Кечээ тал чокунун кырында, / Чубактын салган чырында, / Ойрон Алма баатырдын, / Ошондо айткан кеби бар: / Хан кыл десем кимиңди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кекиртеги куртулдап, / Ойрон Сейит баатырга, / Жетип келди чукулдап, / Найзасынан куу чыгып, / Таноосунан буу чыгып, / Терекбайды көргөндө, / Чойтолоң менен Тазкара, / Аскеринен чуу чыгып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эртеси күнү болгондо, / Күн шашике болжолдо, / Кыздар менен Семетей, / Кырка чубап тургандай, / Ойго арыш алыптыр, / Ошондо карап тура албай, / Ойрон Гүлүс барыптыр, / Ээрчий жүрүп талыкпай, / Такыр кебин салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →