ойноок

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Кол, буттун муундарынын ордунан жылып, чыгып кетүүсүнүн кайра-кайра кайталанышы, адат болуп калышы.
  2. Оюнкарак, шайкелең, ойноо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найзасын күүгө улантып Испандыкты Бактыбай, / Күн жаагандай күн-түнү, / Ойноок жардай кулатып, / Беттеп сайып беш-ондон, / Улап сайып үч-төрттөн, / Томолотуп баратат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Ээлигип алган ойноок козулар ошондон үркүп отуруп кой короого барып бир эле токтоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →