ойноо1

китептерде 27 жолу, 8 китепте
  1. Ойноок, оюнкарак, ойногонду жакшы көргөн, токтоло элек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аңгычакты Чигитей, / Келип калды жакындап, / Ойноо бала чунактын, / Ат суроочу пейли жок, / Токтоно албайт жаш бала, / Ээ бербей турат колу шок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Куш салып саздан каз алган, / Төрткөлдүн төмөн жагына, / Төрө Манас түп атам, / Өзү салган Сыркоргон, / Ойноор күнүм болорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көзү турат жылтырап, / Чыкпаган араң жан калды, / Мөөнөттүү күн бүткөндө, / Кайра айдап алпарды, / Айылга айдап барганда, / Ойноо балдар ташка алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Селкинчек тээп ойноорго, / Жибектен аркан керем дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Ойноо бала жаштар бар, / Оодарышып бир жүргөн, / Торпок минип, тай минип, / Көйнөкчөн болуп жылаңач, / Сууну бойлоп жүгүргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →