ойнокто

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Бир орунга тынч тура албоо, тынч ала албоо, оюн салуу, ойдолоо, өтө тез, элпек, ар кыл кыймыл-аракетте, абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойноктотуп тору атты, / Оңурайган чочкону, / Оң бөйрөккө муштады, / Ооп барып оңолду, / Оодарыла тас калды, / Оңой бала эмес деп, / Ойуна алды Калыбек, / Найзасын күүлөп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Санжыргалуу Манастын, / Салтанаттуу көкжалдын, / Сала калуу чоң ордо, / Сайкашка жаткан борборго, / Ойноктотуп Мааникер, / Айдар барды ошондо, / Аралап жетти жаш Айдар, / Арстандын үйү кайсы, деп, / Сурарга киши таба албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…йбаты көптү жапырып, / Топону көккө сапырып, / Кан ичме кыргыз, чыккын, деп, / Сейитимди чакырып, / Өңү сары, көзү көк, / Оттук таштай чакыйып, / Токтобой көзү ойноктоп, / Сүзөнөк уйдай акырып, / Күңгүрөнүп, күүлөнүп, / Күүгүмдөгү устадай, / Токтобой бети түрдөнүп, / Ачуудан заары төгүлүп, / Жан алгычтай көрүнүп, / Айталбай сө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…алып, / Мөлтүр суулар шырылдап, / Кыз менен жигит күлгөндөй, / Жалбырактар шыңгырап, / Күчала гүлү жылт этип, / Калдыркандар шаңк этип, / Карасууда балыктар, / Ойноктошуп шалп этип, / Каракуназ, жогжогдор, / Канаттары далп этип, / Каздын баары каркылдап, / Өрдөктүн баары баркылдап, / Аңырдын баары аңкылдап, / Илек-илек, көк кыта… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ойноктогон түгөнгүр, / Ойуна келген иш үчүн, / Алыстан келген атайлап, / Айтылуу тиги киши үчүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →