ойно
- Шоок кылуу, кандайдыр бир нерсе, оюнчук же оюн менен алаксуу, көңүл ачуу.
- Ойноктоо, оюн салуу, тез, ар кыл кыймыл-аракетте болуу.
- Тамаша кылуу.
- Сахнада оюн-шоокторго катышуу, белгилүү бир роль аткаруу.
- Кандайдыр бир музыканы же күүнү музыкалык аспапта аткаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көкчөдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кетпеймин деген немесин, / Айылын башка кондуруп, / Саанын берип тундуруп, / Кулдуктан башы кутулуп, / Ойноп калды туйтунуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жаш балдарды кылычтын мизинде, найзанын учунда ойнотот.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →