оймоктуу

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Оймогу бар адам.
  2. өт. Аял.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нарындын Куртка сазында, / Он миң кошуун жанымда, / Утур келген кыргызды, / Унутулгус кылдым кар, / Оймоктуудан уз койбой, / Бой тартып калган кыз койбой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кылымдан тандап кыз алды, / Оймоктуудан уз алды, / Уз алганда бешти алды: / Ороздунун “беш уз” – деп, / Эл ичинде кеп калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ар уруудан тогуздап, / Айтпаганы калбаптыр, / Айагына келгенде, / Адамдан сулуу кыз жазган, / Оймоктуудан уз жазган, / Жазылып чери кетер деп, / Дүр-дүйнөнү көп жазган, / Жатаарга дейре бүтүрүп, / Хан Кошойго күтүнүп, / Жаш Айдарды кийгизип, / Мааникерди мингизип, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катын алдым, кыз алдым, / Тапан хандын элинен, / Оймоктуудан уз алдым, / “Куру кайрат баш жарат” / Кур намыска барсаңар, / Жаныңды алчу мен бармын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жашыл жээкте жүргөндө, / Оймоктуудан уз алдың, / Бети кызыл кыз алдың, / Өңү жылуу катынды, / Эринен тартып аны алдың, / Элебей жүрүп дердейип, / Элден чыгып сен калдың, / Аралап барсаң айылга, / Ажалдан мурун өлөсүң, / Чалма кесек таш менен, / Такыр урат камалап, / Биринен бири кабарлап, / Келе берет сабалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →