оймо

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Чеберчилик менен бир нерсенин бетине оюп түшүрүлгөн көчөт, сүрөт, түр, оюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сабындагы жыгачты, / Он эки түркүм кырдады, / Отуз эки түр менен, / Оймо-чийме сырдады, / Колдон тайма болот, деп, / Коло менен чырмады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Жарашыктуу жасалган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Ойуштуруп токуган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Олоңдору оймо алтын, / Уйуштуруп токуган, / Куйушканы куйма алтын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →