ойло
- Ой жүгүртүү, ойго батуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кечээ, Дүйшөмбүдө урушта, / Бирге барды кыргыздар, / Койгун десем болбоду, / Унутуп калган урушту, / Ат чабыш деп ойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ала албайт деп ойлодум, / Ортого арбын мал койдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Акылга айбан болбоду, / Айтканды алып оңбоду, / Хан Сейитек жолборсту, / Өз нээтиндей ойлоду, / Алдын алып тосоттоп, / Эр Гүлүсүм торгоду, / Сүйлөр киши жок болсо, / Мага бергин суракты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ар бир сөзүн кылдаттап ойлоп сүйлөйт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →