ойкушта

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Кылыктанып ойдолоо, кылтыңдап ойдолоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он беш күнү толгунча, / Кундуздай жүнү жылтылдап, / Оролто тартып чылбырды, / Ойкуштанып ыргыштап, / Ополдун суусун бургандай, / Он эки карыш казанды, / Үч ашташтын кошууга, / Асып койсо тургундай, / Жетелеп жүрсө Кененим, / Көргөндүн баары таң кал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…жан ойлонуп, / Бара-бара чоңойуп, / Бойго жеткен кыз болуп, / Жез оймокто уз болуп, / Кызылы-кызыл агы-ак, / Кызгалдак чөпкө окшонуп, / Ийни салкы мойну кез, / Ойкуштанып оштонуп, / Кененимдин жанына, / Келип турду койкойуп: / — Кепке келгин Кененим, / Кекенишип сен менен, / Эр эгишип келбедим, / Жадыгерлик үйрөнүп, / Эрдигин сы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Таппадык кимди жумшарды, / Атаңа кылар ишиңди, / Агаң Манас аткарды, / Агаңа кызмат кыларга, / Бокмурун, сенден башка жан барбы?- / Каныштан угуп Бокмурун, / Ойкуштап өскөн кургуруң: / — Калети жок, чын кебиң, / Минтип кыйноо тартпастан, / Мурда не кабар бербедиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Минген уйу көк бука, / Бурула берсе булт этип, / Сууда сызган балыктай, / Капкайда кетет жылт этип, / Ойкуштап бука токтобойт, / Аргымактай кылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Элдин үнүн укканда, / Элеңдеп көзү ачылды, / Ат ойнотуп ойкуштап, / Бастырып чыгып айкырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →