ойдуң

китептерде 33 жолу, 7 китепте
  1. Айланасындагы жердин деңгээли менен салыштырганда төмөнүрөөк келген жер, мейкиндик, ой.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Булардын баары ойдуңда, / Каркыра түндүк сырт жакта, / Анча-мынча ат жетпейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Аты эчен тайылып, / Ойдуңга калса тушугуп, / Жыгылчудай сайылып, / Тоголотуп кетчүдөй, / Толкун уруп жабылып, / Арык уйдай солкулдап, / Үшүп барат кайыгып, / Ак жалданган көл болду, / Ада… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шаардын чыгып четине, / Көк өзөндүн булакка, / Чатыр тигип ойдуңда, / Сулууну алып койнуна, / Берендер жаткан ушунда, / Жээрде аттын дүбүртү, / Угулуптур кулакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Суркойон менен койгулап, / Ойдуңду көздөй чумулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Нойгут көчүп кыргыздан, / Ополдон тартып Индистан, / Ортосу ойдуң Лопнурда, / Ошол жерди жай кылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →