ойдоло

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Бир орунга турбай ары-бери кыймылдоо, тыбырчылап, тынч тура албоо, ойсоктоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ча, / Сыйкыр кыздын ошондо, / Өңү эчен кубулуп, / Олтура калып чиренип, / Тура калып чалкалап, / Эки эмчеги салаңдап, / Ийилип бели кайкалап, / Тура албай эчен ойдолоп, / Ичегиси чубалып, / Чурку болгон эмедей, / Эңкейип ичин карманып, / Кубулуп өңү саргарып, / Тура албады тынч алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ктеп олтурду, / Туманга күндү бөлөдү, / Атбашы көздөй жөнөдү, / Көрүп туруп кароолчу, / Чечдөбө Ата кайда деп, / Бактыбайга барам, деп, / Оң-тескери теминип, / Ойдолотуп мингенин, / Олбуй-солбуй камчы уруп, / Өңгүл-дөңгүл түйүлтүп, / Оголе кийин келатса, / Алдынан чыкты үч караан, / Ат-тону бөлөк башка жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келе жатат жол тартып, / Белде жаткан байагы, / Баатыр Алмаң караса, / Жылып жүргөн бир тоо бар, / Аны көрүп алыстан, / Муну алды ойуна ал: / “Үйүмдө турбай ойдолоп, / Өзөн жарып тоо бойлоп, / Ойноп жүргөн Бейжиндин, / Учуучу тоосу жок эле, / Жыргалын көргөн Бейжиндин, / Жылуучу тоосу жок эле”.- / Тообу десе дөбөдөй, / Алм… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейит менен беттешпей, / Мен арманда калдым” деп, / Отуруп кооп ойдолоп, / Тете турат кайгы жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →