ойдогудай
- Ойлогондой, көңүлдөгүдөй, каалагандай, эң сонун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Шаңхай менен бараңга, / Кылдырбай кабар аларга, / Жолун тордоп алганда, / Чиктей менен төрт болуп, / Жалындап күйгөн өрт болуп, / Темирбек менен беш болуп, / Ойдогудай иш болуп, / Оодарылгыз тоо болуп, / Оморулгус бел болуп, / Чогулуп биздер барганда, / Алакандай Таласка, / Кененим жалгыз калганда, / Кумардан чыгып кайтабыз, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…аалы чунактын, / Ошондо айтып турганы: / — Айкөл Манас эр үчүн, / Кабарга келдим эл үчүн, / Айыктыргын Манасты, / Өткүр болсо дубаңар, / Өлүп калса кокустан, / Ойдогудай дооран ал, / Кулак салып кебиме, / Таласка жетип ылдам бар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ А дүйнө кеткен Манастын, / Тукумуна туш болду, / Бактысы артык баламдын, / Ойдогудай иш болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →