ойгот
- Уктап жаткан кишини ойгонууга аргасыз кылуу.
- өт. Жандандыруу, козгоо, кыймылга келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айтышкан сөздөн бузулуп, / Ата-баба кубаар сан, / Биз жаза баскан киши эмес, / Тынч алып жатпай үйүңө, / Кыдырдың жердин түбүнө, / Коросонду козгодуң, / Козгоп койуп кош болдуң, / Ооганды барып ойготтуң, / Уйкусун ачып оогандын, / Оголе кыйын шоктондуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…баса кандырып, / Буудай арак куйдурду, / Чарчап келген Ажыңды, / Тынч алдырып кондурду, / Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Таң шамалы зуулдап, / Ойготуп торгой быжырап, / Асмандагы жылдыздар, / Кыбыла көздөй зыркырап, / Келин каш болгон маалда, / Тура калып Ажыбай, / Аркандан атты алдырып, / Адырмак жерге чалды…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Колуна салып кишенди, / Бутуна салып чидерди, / Шыпырып алып токумун, / Тердигин салып жамбашка, / Каңгыны койуп какбашка: / — Тамагымды тайарла, / Өзүм турам, ойготпо, / Тоосур атты откозбо, / Өзүм койом копкондо!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Уйкуң келсе бизди ойготуп койбойсуңбу?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →