ойгон
- Уйкусу ачылуу, уйкудан туруу.
- өт. Жандануу, кыймылга келүү, козголуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Ажыбай дайны дуу болду, / Ал–жай сурап билүүгө, / Ак ордого эл толду, / Күн жабыкка түшкөндө, / Ажыкең чочуп ойгонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Уктагандай ойгонуп, / Артын карап толгонуп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Чойтолоң турат чолтойуп, / Эр Сейити көрүнбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баласы аман табылган, / Ыйласа жакшы болобу, / Каныкейди Семетей, / Сагынган экен ченебей, / Төшүнө башын койгону, / Мемиреп жаны жай алып, / Куш уйку салып ойгонду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: "Күн азыр ачык эмес беле" деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →