озондо

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Үндү созо катуу чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…де бирге башың жок, / Убалым менде, деп ыйлап, / Ойрон Алмаң досу үчүн, / Ого бетер жан кыйнап, / Сарала минип теңселип, / Жээрде сакал сеңселип, / Эсине түшсө озондоп, / Өксөп, өксөп турганы, / Өткөр Алмаң бек кейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төөлөрү боздоп буркулдап, / Уйлар мөөрөп озондоп, / Ат кишенеп тура албай, / Качырга кирип калтырак, / Жер токтобой чайпалып, / Канча заман жаткан чөл, / Караан калгыр калтырап, / Коркконунан жан турбай, / Ай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Букулдатып буурчунун, / Боздотуп муңдуу тайлагын, / Азынатып айгырын, / Чыркыратып кулунун, / Озондотуп уйларын, / Топоңдотуп торпогун, / Чуркуратып койлорун, / Карартып таштап короосун, / Куржунга салып пулдарын, / Комо менен нарларын, / Артылды колум айга, деп, / Асылдан жыйнап алганын, / Алдырып ийсе нетмекчи. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундуктан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берипмин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →