одураңда
- Олураңдоо, жулуна орой, осол мамиле кылуу, тумшугу менен бир тийүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кошулгандар Оторго / Коркунуч кирди ошондо, / Чыр тапты Отор жөн турбай, / Сайышка чыгып мөөрөйгө, / Одураңдап жокту айтып, / Чолосу тийбей өлөөргө, / Жөө балбанды камдады, / Индилердин элинен, / Түктүү курт чыгып алганы, / Индилердин түктүү курт, / Быжыгыр тармал кара …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баары көргөн-билгенин, / Айтып барды Бетери, / Одураңдап ошондо, / Отору жаман кекенди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Одураңдап бул айбан, / Кетүүчүдөй тебелеп, / Күүлөнүп тийди Кененге, / Тең келеби мага, деп, / Карап турган Кара көк, / Кайраты жандан бир бөлөк, / Айнектей көзү жалтылд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Одураңдап чоң Жолой, / Оолугуп жөнөп алыптыр, / Жүткүндүрүп Төштүктү, / Жетелешип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ороолонуп Тапан хан, / Одураңдап бакырып, / Кызматкерин чакырып, / Кылычын тартты кынынан, / Кыйкырыгы таш жарып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →