одурай
- Дордоюу, борбоюп көрүнүү.
- Олурайып тиктөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Одурайган Калдаңдын, / Опол тоодой салмагы, / Капаланып Калдаң алп, / Чачын силкип тартканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ормойо тиктеп Батайы, / Одурайып Катайы, / Оройу суук үч итке, / Бетер кебин айтканы: / — Коктукаттын калаага, / Отор барган аларга, / Силерге, балдар, жибердим, / Учурап калып талаада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Каңгып чыккан найзаны, / Оңдоп кармап имерди, / Одурайган чочкону, / Капталга муштап жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…за сокмогу, / Эр Тапактын оң колу, / Үзүлүп кете жаздады, / Каржиликке чапкандай, / Зыркырап сөөгү какшады, / Тарткылашкан найзаны, / Беркерге калды баштагы, / Одурайган Тапактын, / Оолукканын айтайын: / — Алыстан келген сен Сейит, / Тоотпойсуң керсейип, / Мен Тапактан өлөсүң, / Жерге кирип тепселип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
ханы жок, / Катуу тийген куу найза, / Былк этээрге шайы жок, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Гүлгүн тартып үлүңдөп, / Кирпик ирмеп караса, / Ойрот турат коройуп, / Одурайып бир четте, / Томолонуп түшөт, деп, / Аттан ооп бир кезде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →