ободо

китептерде 13 жолу, 7 китепте
  1. Шырдак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түнүндөсү жаткырып, / Күн тийгенде бастырып, / Тополоң уйуп, жер чаңдап, / Тозоңу көккө жазылып, / Ободогу жарык күн, / Күлгүн тартып күдүңдөп, / Түнүндө жылдыз көрүнбөй, / Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, / Ашыгып келет Шоорук хан, / Ылдамыраак жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Балтага балта чак этип, / Кулакты жарып шак этип, / От чагылып ободо, / Көрүнүп көзгө жарк этип, / Алымсарык баланын, / Арстандыгы кармады, / Куу найза колго алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каптаган аскер санаксыз, / Көптүгү жердин чөбүндөй, / Ободон башка эч нерсе, / Калкылдап жүрөт күдүңдөп, / Караган менен көрүнбөй, / Атагы алаш журтунан, / Атайы келген он төрт хан, / Баарысы кирди жапырып, / «Манастап» ураан чакырып, / Баштагандан беш бетер, / Топуракты сапырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп желмогуз айтканда, / Кыйа карап кылт этип, / Кайра тартып басканда, / Тапан хан жаман шашты анда: / — Тура тургун, нур кызы, / Кийгениң жибек кырмызы, / Тирүү жүргөн адамдын, / Ободо чолпон жылдызы, / Айтканыңа түшүндүм, / Капаланып сен үчүн, / Кайгыдан канча үшкүрдүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жерди төрт бурч ойдуруп, / Көмдү ошо орого, / Талкалатып тезекти, / Ободогу булутту, / Байлап ага бекитти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →