обо1
- Асман, көк.
- Бийиктик, бийик.
- өт. Бийик зоо, бийик аска.
- Алк, каалоо, напси.
- Ашуунун белиндеги үйүлгөн таш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Камап туруп какшатып, / Өзүнө ташты жыйнатып, / Бирине-бирин көмдүрүп, / Калмак обо ат койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бизде кыргыз эли бар, / Үч арал үргөнч жери бар, / Ошо кыргыз элинде, / Оболбек деген эри бар, / Авазир кылып алайын, / Чынында менин таайым ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жердин бети топурак, / Чаң обого созулат, / Булут кайсы, чаң кайсы, / Көз жеткис жерде кошулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →