обдул

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Кичине көтөрүлө түшүп, илгери карай жүткүнүү, умтулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ордуңду басып олтурбай, / Обдулуп баарың жайнайсың, / Жин тийгендей дүрдүгүп, / Ары жоктор кандайсың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ойон Алма жалгызды, / Ортосуна алыптыр, / Кол салууга жакындап, / Обдулушуп калыптыр, / Уккандарын Куйту күң, / Агеркечке айтыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бардасы башка баланын, / Жүзүн киши көрбөгөн, / Көзү көргөн каранын, / Обдулуп турган тигиге, / Эми айткан кебин карагын: / — Алике менен Сатике - / Эки чыйрак келгиле, / Эчтемени элебей, / Кулдарыңды тукуруп, / Кармап ургун дедиң, ээ?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
күчсүз, / Аңкаарып туруп өтсөк, деп, / Ойлогонун алардын, / Анык билди Сомбилек, / Кайра тартып чапканда, / Узап бара жатканда, / Качырмак тайган болду эле, / Обдулуп калган тайганды, / Сомбилек кой деп койду эле, / Сомбилек тосуп койбосо, / Тайгандар тирүү койобу, / Эси коркок жамандар, / Тайгандарча болобу, / Үзөнгү боого … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Көчүгүн ээрден көтөрө түшүп обдулуп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →