нөшөрлө
- Жамгыр катуу жаап кирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нөшөрлөп жааган жаандай, / Ителги тийген таандай, / Имерип айдап чогултуп, / Чогууларын суйултуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →