нөшөр

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Катуу жааган жамгыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Санаадан жаш төгүлүп: / “Калганы кийин болор, — деп, / Алты ханга барайын, / Ашкере өзүм көрүнүп”, / Дегенди ойго төндүрүп, / Асманга туман тундуруп, / Алдында нөшөр куйдуруп, / Шамал менен айдатып, / Күн жаркырап чыкканда, / Өтө катуу күн ысып, / Ооз ачылып дем кысып, / Кумгандакы чай кайнап, / Чоктой болуп күн ысып, / Киш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Келе жаткан Бадыра, / Алоолонуп бетинен, / Жалын чыгып жаткандай, / Бир белгисин караса, / Кара нөшөр жаандай, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Капкара болуп түмпөйүп, / Кара жанга күч келип, / Баатыр Сүйүн Илегер, / Бет алганга кеменгер, / Бирин-бири сайдырбай, / Найзаларын кагышты, / Бир беттешип жатышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Карап турган Кара көк, / Кайраты жандан бир бөлөк, / Айнектей көзү жалтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Качырышты бул экөө, / Күн бүркөлүп карарып, / Кара нөшөр күн куйуп, / Мойну ылдый суу агып, / Тиктеген кирпик ирмелбей, / Күн карсылдап чагылып, / Чакмак чагып жаткандай, / Жер силкинип калчылдап, / Чарт айрылып атка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алдында жамгыр нөшөр жаап, / Андан кийин мөндүр жаап, / Ал аңгыча өзгөрүп, / Ак кар түштү сапаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара нөшөр жаачу, / Жай күнүндөй бүркөлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →