ным2
- Такыр, бүт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Торгойдун өңү бузулуп, / Кең дүйнөсү кысылып, / Өзүнчө басып кара тер, / Бешенеси нымыгып, / Көлдөлөңдү алабы, / Көрпөчөнү салабы, / Капшытын ачып шыкаалап, / Келатканды карады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ным тартып калган белем, деп, / Кулагында дарыны, / Кургактап салып барыны, / Курбудакы кулжаны, / Коборбой атып жыгам, деп, / Жана атса от жебей, / Жаштык кылып Сейити, / Эч нерсени элебей, / Бекер мылтык ал эмес, / Бейбаратке кишиден, / Калган мылтык деги эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жайдын ысык күнүндө, / Теклимекен чөлүндө, / Суусу какшып соолуган, / Ным калбаган көлүндө, / Күзгө жакын барыптыр, / Суусамырдын белине.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Нымыгып бойу тердебей, / Жаралуу болгон абасын, / Шалпысынан көрүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап ыйлап очоктун жанында жеңем отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →