ныл

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Капкара.
  2. Кара көк.
  3. Капалуу, кайгылуу.
  4. Калың, терең, коюу.
  5. өт. Көздү чел басуу, көз көрбөй калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркы ойго түшкөндө, / Түз келгиниң элиңе, / Сен айгайлап киргенде, / Жетекте Кызыл жүргөндө, / Көзүн анын ныл басар, / Өлгөнү Серек экен деп, / Тирүү экен Сыргагы, / Качпасак эми бекер деп, / Бир-бирине айтышар, / Акылынан шашышар, / Амал калбайт каңгайда, / Кайрылып туруп атышар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сен болгун мага ыраазы, / Чылап туруп ныл ичип, / Катырып аны салайын, / Өмүр бойу ооруймун, / Сен барсың го багарым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →