нык
- Чымыр.
- Бек.
- Катуу басылган, тапталып калган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш күндө сак болду, / Нык семирип, карк толду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
- / Кайран Сыргак кеп угуп, / Капталда душман деп угуп, / Ныкып койсо колтукка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баары буурул кызыл сур, / Тааный албай буурулду, / Карыган Бакай карап тур, / Баары тегиз жуушаган, / Семизинен нык болуп, / Жылкынын баары сулаган, / Аралап жүрүп буурулду, / Тааныбады булардан, / Тааный албай буурулду, / Таап мине албай болду таң, / Дагы айтты бир сөздү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Мал семирип, нык болуп, / Эл семирип, бук болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…лар бекендеп, / Кочкору менен соолугун, / Чаририк менен боругун, / Шаа мүйүздөн эркечин, / Эки тиште серкесин, / Койу жогу токтусун, / Кошо ээрчитип козусун, / Нык семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду, / Толтуруп нанга куржунду, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →