нурдуу

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Нур чачкан, нурданган.
  2. Өңдүү, нурданган өңдүү, тамылжыган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ааламдан ашкан сүрдүү кеп, / Асманда күндөн нурдуу кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тогуз уул кенжесин, / Кар кылбасын жасаган, / Мындай кылып пендесин / Ары өткөнү бирди чаап, / Бери өткөнү бирди чаап, / Айдай нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун кылып алыптыр, / Арык уйдай камчылап, / Качырга салган токум жок, / Жайдак минип соксоңдоп, / Желгени катуу дүкүлдө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манастан калган адаты, / Сейиттин ата санаты, / Беттешкенден жан алат, / Канын чайкап шаар алат, / Элден чыккан узуңа, / Өңү нурдуу кызыңа, / Кызыл көтөн балаңа, / Кызыл ээк чалыңа, / Кызыл алтын зарыңа, / Жер жайнаган малыңа, / Кылчайып койбойт баарына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өзүңдөй нурдуу бала экен, / Көз тийип кетер бекен деп, / Көрсөтпөй койгон болбойбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →