нурдан
- Жүзү, өңү албырып жарык, сүйкүмдүү көрүнүү.
- өт. Кулпунуп, көрктүү, кооз көрүнүү, көрккө бөлөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн чагылган немедей, / Нурданып бети жалтылдап, / Арак ичип мас болбой, / Токтоно албай калтылдап, / Таштаган шердин жаа огун, / Колуна алды ыгын таап, / Өтүп кетти ааламдан, / Как жүрөккө бир муштап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алтындан кемер курчанган, / Айдай бети нурданган, / Акылы менен журт алган, / Алышкан жоосу муңканган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Уйку көрбөй таң атты, / Үшүгөн тооктой үкшүйүп, / Борошодо эшектей, / Белин түйүп дүкдүйүп, / Дык тийбей сакал-муруту, / Өсүп кеткен үксүйүп, / Күн тийди жерге нурданып, / Аттанды аскер дүрүгүп, / Санаасы санга бөлүнүп, / Тапан хан чыкты үлүйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Асмандап учуп алган / Ал бир нурдан тамганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тамылжып өңү кызарган, / Билгенге жумуш узарган, / Тал чыбыктай буралган, / Айдары алтын нурданып, / Мингени жорго кылтылдап, / Жылдыздай көзү жылтылдап, / Караанын көрүп арстандын, / Авазир кыздын жүрөгү, / Токтобостон зырпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →