нур1
- Жарык, шоола.
- Ачык, жарык өң.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир караса көзүнө, / Чигитей бети нурланат, / Бир караса көзүнө, / Алда кандай болгондур, / Асмандын бети бууланат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ошо жылы Чыйырды, / Бооз болуп калыптыр, / Бооз болгондун үстүнө, / Өткөзө башка нурланып, / Кооз болуп калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асманда учса куу эле, / Адамдан чыккан сулуу эле, / Ак шумкардын тууру эле, / Алп Семетей жубу эле, / Адамзаттын нуру эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →