нук
- Суу жүргөн оюк, из.
- Бир нерсенин из түшкөн оюгу, билинип турган изи.
- өт. Багыт. Сөзүнүн нугун башкага бурду.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бастырып салган таштарга, / Уссун менен маңгыттан, / Андан калган нугу, деп, / Айтып келет эмгиче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Үстү-үстүнө дембелеп, / Өчүгүшкөн иттердин, / Өзүнө жерди каздырдым, / Үстүнө жыйган таштарга, / Нук деп катты жаздырдым, / Тетир сууда өлгөнгө, / Калмак обо болсун, деп, / Унутпаска айттырдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ны, Манасты, / Салтанаттап ырдатып, / Арагын куйуп токтотуп, / Албан түрдүү дуулатып, / Уй мүйүз тартып олтуруп, / Эркинче элди чуулантып, / Сөз баштады мындай нук: / — Ханың төртсүң,, чороң кырк, / Кыраан Бакай, сөзүм ук, / Манас, Бакай, Чубакка, / Бирден суптар, бирден суп, / Кырк баатырга кырк торко, / Таарынбаңар чак …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Белинен кармап зыргытып, / Мелтиреп турат Сейтек, / Мен–менсинген Нүкүрдү, / Бута атым жерге ыргытып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →