ноокаста
- Ооруп калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакып билбейт Сыргакты, / Чыйырды байкап жүрүүчү, / Эки-бир күн эр Сыргак, / Жатып калса ноокастап, / Токтоно албай жүгүрчү, / Чоңойсо деп саламат, / Ден соолук тилеп жүрүүчү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…жырап черүү түшүштү, / Жолдорун сактап күтүштү, / Таң агарып сүзүлдү, / Жылдыздар тарап таң атып, / Күн жаркырап көрүндү, / Жаны тирүү дени сак, / Жатып калбай ноокастап, / Басып турган немеси, / Жабыла баары камданды, / Аттарын токуп бышыктап, / Үзөнгү боосун узартып, / Куйушканын кыскартып, / Кош олоңун бек тартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →