ноокас

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Оору, оорулуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Ноокасы катуу баатырдын, / Унаа алып келем деп, / Бадакшан бара жатамын, / Барып тирүү көрбөйсүң, / Тилимди алсаң барбагын” / Деген кепти укканда, / Мундан күмөн мен алдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал экөөбүз бир барган, / Атам “Ноокас болгондо”, / Чала таштап окушту, / Байкуш Алмаң мен жангам, / Ошондуктан Шыпшайдар, / Таалимдин менден көп алган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Орус хан кыргыз карысы, / Жаман оору болгон бейм, / Табылгыс болуп дарысы, / Аты чыккан үч адам, / Бастырып жөнөп калышты / Урумга барды жол тартып, / Кетирбей күндү узартып, / Орус хандын ноокасы, / Өтө кыйын кези экен, / Эси чыгып элеңдеп, / Эли турган чебер деп, / Айыгып калды ал сапар, / Эр Гүлүстөн себептеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анткени Сарыбай бай көптөн бери ноокас эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →