ноо
- Карагайды оюп же тактайдан жасалган, көбүнчө суу агызуу үчүн колдонулуучу нерсе, түтүк.
- Малга жем, суу, туз берилүүчү аштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өлүмдөн коркпос өзү бар, / Өкүм-өткүр сөзү бар, / Зердүү таажы башында, / Сексен нөөкөр кашында, / Кара калпак кыргагы, / Кабылан Манас чыйрагы, / Хан Жакыптын Сыргагы, / Телкызылды кындыйтып, / Темгектүү найза зыңкыйтып, / Ал дагы келе жатыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түндөсү боону тарттырган, / Топосун сыртка ташыткан, / Күндүзү кайта ноо койуп, / Суу менен оозун бастырган, / Үстү менен суу аккан, / Түбүндө айар жай казган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажалдын жайы мына ушу, / Миң жашаган Ноо өттү, / Өчпөй аты айтылып, / Өмүрлүү топон суу өттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ге алдында, / Кабар айтып барайын, / Каныкей, Бакай, Айчүрөк, / Аларга айтып кабарды, / Сырын тартып багайын, / Бүрсүгүнү кечинде, / Сизге келе калайын, / Отуз нөөкөр кырк шыгай, / Ортосунда абаке, / Оозуңан чыкса ушул кеп, / Ошондо мансап алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Нөөкөрү бутта чойкойуп, / Сырнайза колдо койкойуп, / Кылыч белде кыңгырап, / Айбалта жанда шыңгырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →