нокто
- Ооздуксуз, тизгинсиз, чылбыр тагылган жүгөнгө окшогон малдын башына катылуучу шайман.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Серек, Сыргак жаш эле, / Сыргагым жылкы баш эле, / Тышка кебек алдырбас, / Улоого нокто салдырбас, / Өзү чыйрак бала эле, / Серегим боору таш эле, / Ача туйак малыма, / Алтымыш үйгө баш эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүгөнү менен ноктосун, / Шыйрып алды башынан, / Арам өлгөн Карткүрөң, / Башын жерге салбастан, / Куйругун салып сыртына, / Ойноп кетип калганы, / Арасы алты күндүк жол, / Үйүр болгон аттарга, / Тоо башына күн чала, / Ошого жетип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошо бүгүн Куткарбас, / Ар-намыстан кетүүчү, / Кумсар сыйкыр, шуркуйа, / Аларды ишке салуучу, / Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, / Алмамбеттин кеп жабуу, / Телкүрөңгө эп жабуу, / Аккуланын ноктосу, / Омоктуу сыйкыр мына шуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулунга ноктоо салбады, / Музоону кошо таштады, / Козуу-улакты агытып, / Аттуусу өтүп бээченден, / Тайлуусу өтүп төөчөндөн, / Ала бука – уй минип, / Унаасы жогу жөө жүрүп, / Тирүү бенде жан калбай, / Сапырылып жөнөдү, / Бешикте бала ыйлабай, / Кулундуу бээлер туйлабай, / Кетип барат эл мындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атадан калган ээр токум, / Аккуланын ноктосун, / Анталап баатыр көтөрүп, / Абыке келди ашыгып, / Тандап жылкы кармаган, / Азар түмөн жылкыдан, / Тааныбай булар калбаган, / Сыртынан сынап байкашып, / Тайбуу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →