никелүү

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Никеси бар, никелешкен, үйлөнгөн, баш кошкон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

эле, / Жалгыз кызым Көкөй, деп, / Алтымыш тай, алты нар, / Алты жүз ирик, алты атка, / Алып берген кеп эле.) / Кармай алды сабынан, / Тартып алды кабынан: / — Никелүү эрим дебесем, / Садага кылып баатырга, / Медеркан, сени жебесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Түбүбүз тууган бир экен, / Ошон үчүн түтө албай, / Кебимди айтып мен турам, / Тил алсаң баргын айлыңа, / Тим эле калбай кайгыга, / Жакшы жаман кеп кылбай, / Ак никелүү зайыбыңа, / Унчукпай болгун кылмышкер, / Жалган күмөн айыбыңа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ак никелүү жубайы, / Өмүрлүк болсун түбөлүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бирге жүрүп, бирге өскөн, / Бир бастырып күн өткөн, / Бир төшөктө бир жаткан, / Ак никелүү Кылжыке, / Артымда калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ак никелүү жубайдан, / Сандаган журттум түрк болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →