никеле
- Нике кыюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бирмыскал менен Бурулча - / Кытайда сулуу ушунча, / Кеңеш кылып хандарың, / Олуйа Кошой карынын, / Жалганчы кылбай айтканын, / Алып берип никелеп, / Алмамбет менен Чубакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетейден айрылдым, / Кызмат кылып Кыйазга, / Кызматым менен жакпадым, / Бала туусам Кыйаздан, / Жетисууга батпадым, / Никелеп алган сен туруп, / Карага кандай чачтадың?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Дайра болуп кечир деп, / Дабан болуп ашыр деп, / Кылмышым сурап мен турам, / Дасторкондо бир турган, / Ак никелеп алганын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →