нике
- Үйлөнүү, үйлөнүү ырым-жырымы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүйнөгө малың жык толду, / Чыккан жердин чөбүндөй, / Түгөнгүс дүйнө-мүлк болду, / Магдымга нике кыйалы, / Ошондо куну жок болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көгүчкөн болуп кубулуп, / Учуп жүргөн чынгышты, / Куткарбастан кармады, / Эл талашкан Чыныке, / Никесине алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ал кылып, / Чолок кылып салганы, / Колу чолок, өзү бар, / Жаны тирүү калганы, / Семетейдин чоң зайыбын, / Канчоро кулу алганы, / Олжолоп Кыйаз Чүрөктү, / Өзүнө нике байлады, / Кашыңда турган келиниң, / Албарстыны кубултуп, / Чүрөк жасап салганы, / Кыйазды антип алдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чынкожо, Толтой — эки дөө, / Ат чаптырып, тай сойуп, / Ак никесин кыйат деп, / Саа шашканымдан келгенмин, / Жабылбас менин эмгегим, / Оор сөзүңдү кой, төрөм, / Акшумкарың ала кой, / Азыр табы, сала кой, / Аралашып беттешпей, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Никем сага түшкөн экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →