нечен
- Бир нече, бир топ, алда канча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…учуп, тоз учуп, / Тунарыктап боз түшүп, / Жердин бети жарылып, / Казан каптай нечен таш, / Аңтарылып торойуп, / Башбагып жерден коройуп, / Тизе бойу көрүнүп, / Нечени чыкты соройуп, / Түбү менен өнгөн чий, / Карарып калды торойуп, / Кээ бир таштар көмүлүп, / Жерге кирди жоголуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
- / Баатырдан нечен эр келип, / Агытып ийди үч пилди, / Булаңдатып тумшугун, / Дүмүрөңдөп жүгүрүп, / Такыр баары бүт келип, / Чуулдашат аламан, / Бирине бири дем берип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →