нерсе

китептерде 116 жолу, 10 китепте
  1. Аты аталып көрсөтүлбөгөн кандайдыр бир буюм, зат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Аксакалын келтирип, / Алып келген малдарды, / Мурунку кеткен малынын, / Азы-көбүн эске алып, / Таратып элге бердирип, / Аш-тамагын жегени, / Бүлдүргөчө бир нерсе, / Олжо буйла дебеди, / Жүрүп кетти Бекбача, / Эл аралап желдирип, / Котен жеркен-буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…Керней менен кабар бер, / Такыр уксун турган эл, / Керектүү жабдык калбасын, / Өнөрлүү жатып албасын, / Өзү куру барбасын, / Жыгач менен темирге, / Керек болор нерседен, / Кемип бирөө барбасын, / Кардыкачты өрдөсүн, / Эт бышымча иш кылып, / Бирден асый жылкы алсын, - / Казактардын Борончу, / Алмамбет сөзүн шарт кылып, / Керней… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө албай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Жок, эмгек вазирдин баласыныкы, ал болбосо кандын уулу эч нерсе кыла алмак эмес да, каракчылар аларды өлтүрүп коюшмак, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →