непада
- Кокус, кокустан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Өлбөчүдөй жутунба, / Тоңбочудай кумтунба, / Эки-үч күндүн ичинде / Өлүп кетсең непада, / Сага дагы буйурбай, / Артып калат артыңда, / Көр напсиге алданып, / Болбогон ишке чарпылба”, / Акыл айткан дагы бар; / Кабыл албай айтканын, / Өзүң жыйнап а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Төр миң төрт жүз алтымыш, / Тирүү турган Кыймыл жан, / Турумдун кеби акыл, деп, / Айткан тилди эми алсаң, / “Бала белде, катын жолдо” деп, / Айткан кебиң мурунтан, / Ооганга беттеп баралы, / Эптеп жанды багалы, / Жеңилсе кыргыз непада, / Темиркөкти табалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сенден кийин мен калып, / Өлүп кетсем непада, / Талаада калар бекемин, / Мага бергин Алмамбет, / Кажылдаган калкыңдын, / Кай бир сырын ким билет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылып калса непада, / Күмүш булак жеринде, / Кайгулчу болуп тура албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →